• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Миңдеген киши Кыргызстандын жарандыгын алды. Жаңы келген депутаттар ант берди

20 Тогуздун айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

20-октябрга карата COVID-19 инфекциясын жугузуп алган үч бейтап каза болду. Илдет 103 адамдан жаңы аныкталды. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 180 109 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 641 адам каза болду. Бир күндө 49 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 604 адам ооруканада, 542 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

ЖАҢЫ ДЕПУТАТТАР АНТ БЕРДИ

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алайбек Алымбаев менен Арсланбек Ражабалиев ант берип, депутаттык кызматына киришти. Алайбек Алымбаев «Республика — Ата журт» фракциясынан, ал эми Арсланбек Ражабалиев «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Арсланбек Ражабалиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмазбек Жутановдун ордуна, Алайбек Алымбаев кызматын өз каалоосу менен тапшырган Пархат Тулендыбаевдин ордуна мандат алган.

МИҢДЕГЕН КИШИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалат. Маалым болгондой, жарандык берүү жана жарандыктан чыгаруу боюнча жалпы 1 260 (865 чоң киши, 395 бала) арыз келип түшкөн. Тизмеден көрүнүп тургандай, жарандык алгандардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн. Мунун негизинде өлкө башчы үч жарлык менен 1 207 адамды (820 чоң киши, 387 бала) жарандыкка кабыл алса, дагы бир жарлык менен 53 адамды (45 чоң киши, 8 бала) жарандыктан чыгарган.

Количество просмотров: 238