• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Милициядан качкан айдоочу ок жеп жарадар болду

14 Тогуздун айы 2019 15:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте айдоочу милициянын огунан жаракат алды

12-октябрьда Кант шаарынын борбордук болугундо Жол эрежесин бузган жана милиция кызматкерлерине баш ийбей койгон айдоочуга инспекторлор ок чыгарууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Автоинспекторлор Лексус-470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун телефон менен сүйлөшүп бара жатканынан улам, аны унааны токтотуусун өтүнгөн. Бирок айдоочу бейкапар, эскертүүгө карабай жолун улаган. Мындан улам автоинспекторлор аталган үлгүдөгү унаанын артынан кууп жөнөшкөн. Милиция кызматкерлери качып бара жаткан айдоочуну ашып өтүүгө аракет кылганы менен ал буга жол берген эмес. Айдоочу авариялык абалды түзүү менен адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан.
Мындан улам инспекторлор тарабынан алгач асманды көздөй эскертүү огу атылган. Бирок айдоочу баш ийбей койгондуктан унаанын дөңгөлөгүн атып токтотушкан.

Айдоочу эскертүүлөрдү эске албай милиция кызматкерлеринин куралын жулуп алууга аракет жасаган. Мындан улам айдоочуга карата ок атылып, ал ооруканага жеткирилген– деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө

Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңген Мелис Турганбаевди тосуп алышты

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаевди тосуп алышты. Аны тосуп алууга аталган мекеменин кызматкерлери, күйөрмандары жана массалык маалымат каражаттырынын өкүлдөрү чогулушкан.
Белгилүү болгондой, Мелис Турганбаев Грузияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатта алтын медаль жеңген.
Мелис Турганбаев 11-октябрь күнү 55-59 жаштагы салмагы 78 килограммга чейинки спортчулар арасында мелдешке чыккан. Жыйынтыгында Иран, Украина, Казакстан жана АКШдан келген төрт атаандашын тең жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Жактоочунун мурунку президенттин сотко катышаарынан кабары жок

Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 14-октябрьда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча алдын ала угуулар башталат. Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, сотко Атамбаевдин жеткирилер-жеткирилбеси белгисиз. мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Биринчи май райондук сотундагы баштапкы жыйынга келүүдөн баш тарткан. Ошондон улам сот 14-октябрга жылдырылган. «Ал башка соттук отурумдарга катышабы, мен билбейм. Бирок, Алмазбек Атамбаев анын кармалышынан тарта ага карата болгон мамилени мыйзамсыз деп эсептейт», -деп билдирди жактоочу Сергей Слесарев.

Количество просмотров: 50