• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Митингде тартип бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Кыргызстанда жер силкинди

2 Жалган куран 2020 12:46 Бишкек Govori.TV

ИИМ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Ички иштер министрлиги (ИИМ) митинг учурунда мыйзамга каршы иш кылып, абалдын туруктуулугун бузууга аракеттенгендер катуу жазага тартыларын эскертти. Бул тууралуу министрлик 2-мартта эртең менен тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам штаб түзүлүп, иш планы иштелип чыккан.

ИИМ жарандар менен юридикалык бирикмелерге кайрылып, митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырды.

«Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттердин жолуна бөгөт коёт. ИИМ баарына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чара көрөт», деп айтылат билдирүүдө.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2-мартта нааразылык акциясын өткөрүп, анда саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылышарын билдиришкен.

Акциянын алдында ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экени жөнүндө кеп тараган. УКМК бийликти басып алууга чакырык таштаган бир адам кармалганын билдирген.

Абактагы Садыр Жапаров 1-мартта тарапташтарына жазуу түрүндө кайрылуу жолдоп, анда митингге чыгуунун кажети жок экенин билдирген.

БИШКЕКТЕ ӨРТТӨН БИР АЯЛ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкекте өрттөн бир аял жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя дүйшөмбүгө караган түнү болду.

Ленин районуна караштуу Лагерная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде газ баллон жарылган. Жалпысынан 40 чарчы метр ашкана бөлмөсү күйгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир аял (үйдүн ээси) 2-3- даражадагы күйүк алып, Травматология жана ортопедия борборунун күйүк бөлүмүнө жеткирилген.

Адистер кырсыкка эмне себеп болгонун териштирип жатышат.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 10 өрт чыгып, аларды өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ

Кыргызстанда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 15:18дер чамасында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 108