• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жанылыктар: Mbank боюнча Улуттук банк билдирүү таратты. Бир нече журналисттин үйлөрү тинтүүгө алынды

16 Үчтүн айы 2024 13:58 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ҮЙЛӨРҮ ТИНТҮҮГӨ АЛЫНДЫ

Үйлөрү тинтүүгө алынгандан кийин бир нече журналист ИИМге жеткирилди. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров билдирди. Анын айтымында, Темиров Live жана «Айт Айт Десе» командасынын мүчөлөрү Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы), Азамат Ишенбеков, Сапар Акунбеков, Актилек Капаровдун үйлөрүндө тинтүү жүрүп, учурда алардын айрымдары ИИМге жеткирилген.

Кийинчерээк Жоодар Бузумов, Айке Бейшекеева жана «Арча Медиа» кызматкери Сайпидин Султаналиевди да ИИМге алып келишкени белгилүү болгон. Ошондой эле, «Политклиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбектин да үйү тинтүүгө алынган.

Маалымат боюнча, ИИМ “массалык башаламандыктарга чакыруу” айыбы менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми ИИМ азырынчы рамий маалымат тарата элек.

ОШТО АБА КАТТАМДАРЫ ЖЫЛДЫ

Аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган Бишкек-Ош багыты боюнча авиакаттамдын убактысы жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары Ош-Стамбул багыты боюнча каттам да токтотулду.

Учурдагы учуу көрүнүшү туурасынан 76м, тигинен 60м. Учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.

УЛУТТУК БАНК БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Улуттук банкы «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААКтын Mbank мобилдик тиркемесинде кардарлардын акча каражатынын калдыктары туура эмес чагылдырылып жаткандыгы тууралуу даттануулар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган банк тарабынан берилген маалыматка ылайык техникалык иш үзгүлтүгү техникалык өнөктөш тарабынан келип чыккан, натыйжада банктын кардарларынын эсептериндеги акча каражаттары туура эмес көрсөтүлүп жаткан.

Улуттук банк өз кезегинде бул техникалык иш үзгүлтүгү боюнча көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 100