• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Москвада кызганычтан улам чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп кыргыз жараны кармалды

25 Аяк оона 201914:52 Бишкек Govori.TV

ЖАКТООЧУ: АТАМБАЕВДИН ЖАНСАКЧЫСЫН АДАМ ӨЛТҮРДҮ ДЕП АЙЫПТАШУУДА

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди адам өлтүрдү деп айыптап жатышат. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев өз баракчасына жазып чыкты.
“Канат Сагымбаев 7-августта спецназдын балдарын өлүмдөн куткарган. Эми болсо аны киши өлтүрүүдө айыптап жатышат”, -деп жазган Жоошев.
24-сентябрда Канат Сагымбаев 48 саатка камакка алынган, бул чечимди сот кечинде кабыл алды.
Эскерте кетсек, Канат Сагымбаев УКМКнын кызматкери болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарууга жиберилген.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президентти кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.
Мурда, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.
“Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында К.Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде коопсуздук органдарынан бошотулду”, – деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

КАНЫБЕК ИСАКОВ ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЫШУУСУНДА АНТ БЕРДИ

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. ага президент Сооронбай Жээнбеков да келди.
Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаков президент, премьер-министрдин катышуусунда ант берди.
Эске салсак, Исаковду кызматка дайындоо тууралуу тиешелүү жарлыкка 11-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон эле.
Буга чейин К.Исаков ОшМУнун ректору болуп эмгектенип келген. Ал эми мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

МОСКВАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЧОГУУ ЖАШАГАН АЯЛДЫ ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Москва облусунда 54 жаштагы кыргызстандык чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, августтун акырында Москва облусунда унаа токтотуучу жайдын аймагынан 51 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылган. Экспертиза анын киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган.
«Аялды муунтуп өлтүрүшкөн. Факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 54 жаштагы А.А. кармалды. Ал Ош облусунун тургуну болуп чыкты», -деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматка таянсак, шектүү аял менен уруша кетип муунткан. Урушка кызганыч себеп болгон. Шектүү из жашырып качып кетип, ага издөө жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 416