• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Муфтияттын башкы эсепчиси эки айга камакта калтды. Коронавирустан 2 адам көз жумду

12 Бирдин айы 2021 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза тапты. 70 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1438 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алып, диагнозу расмий такталгандар 85 398 адамга жетти. 82 098 адам оорудан айыкты.

МУФТИЯТТЫН БУХГАЛТЕРИ КАМАЛДЫ

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.М.Бекиев камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 12-февралдагы токтомуна ылайык, Ж.М.Бекиевге карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынды. Ал УКМКнын тергөө абагына 2021-жылдын 10-апрелге чейин сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө камакка алынды.

УЛУУЛАР КАРМАЛДЫ

Бишкекте уурулукка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды, деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Кечээ, 11-февралда саат 19:45 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Горький жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефон уурдалганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине 1975-жылы туулган Т.А. (аял киши) кайрылды.

Жабырлануучунун айтымында, жүргүнчү ташыган кичи автобустун ичинен пальтосунун чөнтөгүндөгү 30 000 сомдук телефонун уурдаткан. Ыкчам чара көргөн кайгуулчулар тарабынан көп узабай 1991-жылы туулган А.У. шектелип кармалды. Ал чара көрүү үчүн Октябрь РИИБдин тергөөчүлөрүнө берилген.

Количество просмотров: 179