БЕКНАЗАРОВ ЭЛЧИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
Президент Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы Элчиси кылып дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын пресс-катчылыгы билдирет.
“Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 25-декабрда Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаров элчилик кызматта үзүрлүү иштейт деп айткан.
Мамлекет башчысы Бекназаровго кызматты өзү сунуш кылганын, “ушунча жыл оппозицияда жүрдүң, эки революциянын башында турдуң, ушул энергияңды мамлекетке иштеп бер” деп айтканын билдирди.
РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ КАМАКТА КАЛДЫ
Бүгүн Бишкек шаардык сот камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Жактоочу Замир Жоошев райондук соттун чечими күчүндө калуусу толук ыктымал экенин сот башталаар алдында айткан эле. Мындан тышкары жактоочу саясатчы Равшан Жээнбековдун кайрылуусун айтып берди. Кошумчалай кетсек соттук отурум жабык өтүп, Жээнбековдун тарапташтары, жакындары жана ММК өкүлдөрү отурумга киргизилген эмес. Эске салсак, Биринчи май райондук соту Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарган. Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.
УРУША КЕТКЕН ДЕПУТАТТАР ЭЛДЕШТИ
Депутаттардын ортосундагы талкуунун жүрүшүндө Тазабек Икрамов менен Экмат Байпакпаевдин ортосунда түшүнбөстүктөр орун алып, эл өкүлдөрү урушканга чейин барышты. Бирок арачага түшкөндөр кесиптештери чырды убагында токтотуп калышты.
Бир аздан кийин Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу депутаттардын ортосунда талаш-талкуу болгонун жазды.
“Экмат Байбакпаев менен Тазабек Ирамовдун ортосундагы талаш-талкуу бул жөн гана парламенттин ишине мүнөздүү көрүнүш. Эл өкүлдөрү мушташып кете жаздады же жакалашты деген маалыматтар жаңылыш”, – деди Нуракун уулу.