• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Музейдин мурунку директорун кимдер коркутуп жатат? Ошто качкан жоокерлер изделүүдө

4 Бештин айы 201914:52 Бишкек Govori.TV

УКМК Азаттыктын журналисттерин суракка келүүнү айтты
УКМК тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Али Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, 2019-жылдын 2-декабрындагы “Азаттык Медиасынан” келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген.
Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилеп, журналисттердие суракка келүүсүн билдиришкен.

Жангарачева коркутуулар келип жатат деп милицияга арыз жазды
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева, анын дарегине коркутуулар келип жатат деп милицияга арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Анын айтымында, ага түрдүү коркутуулар жазылган билдирүүлөр келип түшүүдө. Алардын баарын чогултуп, скриншотторду арыз менен бирге ИИМге өткөрүп берген.
Белгилей кетсек, Мира Жангарачева жакында Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн чуу салган феминнале көргөзмөсүнөн соң, арызын жазып кызматтан кеткен.
Коомчулукта бул көргөзмөнүн талкууга алынуусунун себеби болуп, анда жылаңач кыздын жүрүүсү, ич кийимдердин илинүүсү болгон. Мындан улам жарандык активисттер чогулуп Маданият министрлигинин алдына акцияга чыгышып, уюштургандарды жана музей директорун жоопко тартууну талап кылышкан эле.

Ош шаарында аскердик кызматын өтөп жаткан 2 жоокер изделүүдө

Ош шаарында аскердик кызматын өтөп жаткан 2 жоокер изделүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдан билдиришти.
Маалыматка таянсак, кечээ шаардагы № 36806 кургактагы аскер бөлүгүнөн 18-19 жаш курактагы эки жоокер качып кеткен.
«Эки жоокер ушул жылдын күз мезгилинин соңунда аскердик кызматын өтөө үчүн Ошко келишкен. Алардын качып кетишине аскердик кызматын өтөөгө көңүлдөрү жок болгону себеп болушу ыктымал», — деп айтылат маалыматта.
Ушул тапта Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 112