• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Нарматова БШКны сотко бербейт. Соцфонддун кызматкери пара менен кармалды

21 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 21-январга карата коронавирус 788 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.

Акыркы суткада 284 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1075 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 429 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 816 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 976 киши айыгып чыкса, 2 миң 843 бейтап каза болду.

СОЦФОНДДУН КЫЗМАТКЕРИ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, — деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында 2022-жылдын 19-январында Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси “З.Э.З.” пара алып жаткан жеринен кармалды.

2022-жылдын 17-январында Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын «З.Э.З.» аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

НАРМАТОВА БШКНЫ СОТКО БЕРБЕЙТ

Орозайым Нарматова БШКнын анын мандатын жокко чыгарган чечимин сотко бербейт. Нарматова мунун себебин сот адилеттигине ишенбей тургандыгы менен түшүндүргөн.

Ал анын мандатын мыйзамсыз тартып алышкан деп эсептейт.

Белгилей кетсек, 20-январда БШКнын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарылган. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Количество просмотров: 99