• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Ордо» партиясынын лидери табыла элек. «Омикрон» штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт

30 Жетинин айы 2021 14:10 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 30-ноябрга карата 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб билдирди. Өлкөдө таажы илдетин жуктургандардын саны 183 351 адам болду, 2 746 киши көз жумду. Вирустан жалпы 178 230 бейтап сакайып чыкты. Кошумчалай кетсек, 1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Инфекциянын жаңы «Омикрон» штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

МИЯРОВ ДАЙЫНСЫЗ БОЛУУДА

«Ордо» партиясынын лидери, 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Мирбек Мияровдун жубайы милициядан күйөөсүн издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдирди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Мияровдун дайынсыз экенин туугандары кабарлашкан. Ал жекшемби күнү Бишкектеги №44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен бойдон келген эмес. Жакындары саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Бирок милицияга арыз жазышкан эмес. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да Мирбек Мияров суракка чакырылбаганын билдирген. Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан «Ордо» партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 2 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

29-ноябрда Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга кулап, эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши ар кандай жаракат алышкан. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгон жарандардын сөөгүн туугандары алып кеткен. Куткаруучулар унааны сайдан чыгарышкан.

Количество просмотров: 98