Коронавирустун очогу эми Бишкек болду
8-июнга карата коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы 25 учур катталды. Ал эми ооруканада жаткан бейтаптардын саны 564 адамга жеткен. Алардын ичинен 13 бейтаптын абалы оор, учоо жандандыруу болумундо. Ошондой эле Нарын облусунда ооруканада жаткан 67 жаштагы бейтап илдеттен каза тапкан. Муну менен өлкө боюнча коронавирустан жалпысынан 23 жаран каза болду. НУрболот Усонбаевдин айтымында 8-июньга карата 20 бейтап айыгып чыккан.
Дастан Догоев Гарвардга окууга тапшырып, кызматтан кеткени жатат
Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттинин төрагасы Дастан Догоев Гарвард университетине окууга өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетет. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Маалыматка карганда, Догоевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы азырынча жазыла элек, бирок жакынкы арада арыз жазылып, аны президент Сооронбай Жээнбеков карайт.
Орусиядан дагы 402 жаран Мекенине кайтарылды
Республикалык штабдан кабарлашкандай президент Сооронбай Жээнбековдун берген тапшырмасы боюнча 2020-жылдын 7-июнь күнү Орусиянын Москва шаарынан Бишкекке дагы 402 жаран алынып келинди. Мекенине келгендердин ичинен 176 боюнда бар аялдар, мектепке чейинки курактагы балдары менен келген 86 эне, оор абалда келген 34 бейтап-коштоочулары менен, орто жаштан отуп калган 25 адам жана убактылуу арзан батирлерде турган 34 аял, ошондой эле туугандарыныкына куран окутууга келаткан 8 адам болгон.
Бүгүн Кыргызстанда мечиттер ачылды
Республикалык ыкчам штабтын чыгарган чечимине ылайык, бүгүн 8-июньдан тарта Кыргызстандын аймагындагы баардык мечиттер жана намазканалар иштей баштады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин чыгарган алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын жана жума намаздарын окуу максатында мечитке келген жарандар атайын коюлган эрежелерди так аткаруусу зарыл. Мисалга айтсак: бет кап тагынуу, 1,5 метрлик аралыкты сактоо, кучакташып жана кол алышып учурашпоо. Мындан тышкары дааратты уйдон алып, суннот намаздарды уйдон окуп келуу жана ар бир мусулман жай намазын уйдон алып келуулору сунушталды.