• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошко мэр дайындалды. Чүйдө айдоочу жөө адамды сүзүп, качып кеткен

2 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Бүгүн, 2-августка карата Кыргызстанда коронавирустан 9 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2344 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 897 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 164 743кө жетти. Бир күндө 1316 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3779 адам жатат, дагы 9913 бейтап үйдөн дарыланууда.

ОШКО МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ

Мамбетов Алмаз Ишенбекович Ош шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Кошумчалай кетсек, 45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болгон.

ЖӨӨ АДАМДЫ ӨЛТҮРӨ СҮЗГӨН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Москва районунун Беловодское айылында жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-июль күнү түнкү саат 3:00 чамасында Беловодское айылынын Фрунзе — Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө кишини сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал эми алган жаракатынын улам 55 жаштагы адам эсине келбей ошол жерден көз жумган. Иликтөө иштеринин алкагында качып кеткен айдоочу кармалган. Ал 1988-жылы туулган Талас облусунун тургуну экени аныкталган. Учурда айдоочу укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, унаасы айып короого токтотулган.

Количество просмотров: 114