• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Пара талап кылган салыкчылар кармалды. Прокуратура митингге тыюу салууну негизсиз деп баалады

9 Жалган куран 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

ПАРА ТАЛАП КЫЛГАН САЛЫКЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

  6-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын жетекчиси менен С.Р аттуу инспектор пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган кызматкерлер салыктык текшерүүнүн натыйжасы боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн жеке компаниялардын биринин эсепчисинен 25 миң доллар өлчөмдөгү акча талап кылышкан.

2020-жылдын февраль айында С.Р. аттуу инспектор талап кылган акчадан 5 миң доллар алган. Ал эми 6-мартта С.Р. аттуу инспектор менен Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин иш бөлмөсүнө тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында жеке компанияларга жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөр тууралуу документтер табылган. Сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган жарандар УКМКнын абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

АЯЛДАР МАРШЫН ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАТКАН 5 АДАМ КАРМАЛДЫ

Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшүндө» чагымчыл иштерди уюштурууга аракет кылган 5 жарандын ким экендиги аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5 адамга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлгөн.

«Учурда башка катышуучулардын жүргөн жерин аныктоо жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», – деп айтылат расмий билдирүүдө.  Эске салсак, кечээ, 8-мартта аялдар маршынын жүрүшүндө кармалган катышуучулардын баары бошотулган. Жалпы 60 адам кармалган. Милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн болжол менен 10 жаранга административдик протокол түзүлгөн.

ПРОКУРАТУРА МИТИНГГЕ ТЫЮУ САЛУУ ЧЕЧИМИН НЕГИЗСИЗ ДЕП ТАПТЫ

Бишкек шаардык прокуратурасы борбордо 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салууну мыйзамсыз жана негизсиз деп тапты. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, Бишкек мэриясы кабыл алган токтомго ылайык борбордогу административдик райондордун башчыларына 1-июлга чейин тынчтык жыйналышын, митинг, жөө жүрүш өткөрүүнү чектөө боюнча тиешелүү чара көрүү тапшырылган. Токтомдо чектөө мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан уюштурулган расмий иш-чараларга тиешеси жок экени айтылат.

«Токтомду аткаруу үчүн Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондорунун администрациясы райондук сотторго митингдерге чектөө коюу боюнча арыз берип, ал канааттандырылган. Бишкек шаардык прокуратурасынын органдары жарандардын митинг, жүрүш жана башка иш-чараларды өткөрүү укугуна чектөө коюу, ошондой эле райондук соттордун чечимдери негизсиз экенин аныктады жана чечимдер жокко чыгарылышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалым болгондой, Биринчи май райондук акимиатынын 4-марттан 1-июлга чейин митингдерди өткөрүүнү чектөө чечимин Биринчи май райондук соту мыйзамдуу деп тапкан болчу.

Количество просмотров: 75