• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Премьерликке Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бишкек коронавирустун очогуна айланды

16 Кулжа 2020 14:29 Бишкек Govori.TV

Орусия мигранттарга женилдиктерди берди

Орусиядагы чет олколукторго жарыяланган миграциялык женилдиктердин мооноту 15-сентябрга чейин узартылды. Аталган убакытка чейин миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт. Жана ошондой эле патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөтүн узартуу талап кылынбайт. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 20 миңдей мигрант кайткан.

Премьерликке Жылкыбаев менен Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Тийиштүү Жарлыкка 16-июнда кол коюлду.Ал эми Абылгазиевдин ордуна өкмөт башчылыкка талапкер катары өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов жана Бишкек мэри Азиз Суракматовдун аты аталып жатат.

Рахмон саламаттык сактоо министринин орун басарларын кызматтан алды

Тажикстанда саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министринин бардык орун басарлары кызматтан бошотулду. Өкмөттүн тиешелүү токтому 15-июнда жарыяланды. Рахмондун башка бир токтомуна ылайык, Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин орун басарлары да жумуштан бошотулду.

Бишкек Коронавирустун очогуна айланды

16-июньга карата Кыргызстанда коронавирус илдети менен 100 адам катталса, анын жарымы Бишкекте экени айтылат. Ооруну жуктуруп алгандардын жалпы учуру 2472 адамды тузгон. Учурда таажы илдети менен ооруган 597 бейтаптын 32-нин абалы оор болсо, алтоо жандандыруу болумундо. Ал эми коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 16-июньга карата 28 адамды тузгон. Акыркы сутка ичинде эки бейтап илдеттен коз жумган. Ошондой эле ооруканада жаткан 34 бейтап айыгып чыгарылган.

Количество просмотров: 71