• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Референдумга түшкө чейин 5% шайлоочу добуш берди. Чүйдө аялы күйөөсүн өлтүрүүгө шектелүүдө

11 Чын куран 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ

Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматы боюнча 11-апрелде түшкө чейин 172 шайлоочу добуш берди. Шаардык кеңештерге 49 889 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 4,75% түздү. Ал эми айылдык кеңештер үчүн 122 250 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 5,39 пайызына барабар болду.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум үчүн Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берсе, премьер министр Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы № 40 жалпы билим берүүчү мектептин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добушун берди.
Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 5% жетти. Референдумга шайлоочулардын 30% добуш берсе өттү деп эсептелет. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Бир сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус 208 кишиден табылып, 101 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. Ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 90 227ге жетти. Анын ичинен 85 925 адам дартты жеңди. Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирус Бишкектен эки, Чүйдөн бир адамдын өмүрүн алды. Акка моюн сунгандардын саны ушуну менен 1 522ге жетти. Азыркы тапта 838 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Анын ичинен 199у оор абалда болсо, 25 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

ЧҮЙДӨ АЯЛЫ КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип, 27 жаштагы М.Ф. аттуу аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 6-апрелде таңкы саат ондор чамасында Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен 34 жаштагы Х.И. аттуу жарандын сөөгү табылган. Сотко чейинки териштирүү башталып, натыйжада кылмышка шектүү катары маркумдун жубайы, 27 жаштагы Х.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө учурунда алынган маалымат боюнча, каза болгон жаран мас болуп келип, аялын сабаган. Жаңжал учурунда кылмышка шектүү аял күйөөсүн бир нече ирет балка менен башка чаап, кан болгон далил буюмдарын Чоң Чүй каналына ыргытып, туугандарына кетип калган. Азыр тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 183