• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Саймаитинин өнөктөшү Жээнбековдун инаугурациясына катышкан. Жолдошун өлтүргөн келин камакка алынды

22 Жетинин айы 201915:07 Бишкек Govori.TV

САЙМАИТИНИН ӨНӨКТӨШҮ ЖЭЭНБЕКОВДУН ИНАУГУРАЦИЯСЫНА КАТЫШКАН
Кытай ишкери Хабибула Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 24-ноябрында өткөн инаугурациясына катышкан. Анын сүрөтү «Азаттык» радиосунун, Kloop жана OCCRP менен биргеликте жүргүзгөн иликтөөсүндө көрсөтүлөт.
Иликтөөдө Хабибула Абдукадыр Айеркен Саймаити менен бирге Кыргызстандан ири өлчөмдөгү акчаны мыйзамсыз түрдө чыгарып тургандыгы айтылат.
Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон.


КҮЙӨӨСҮН БАШКА ЧААП ӨЛТҮРГӨН КЕЛИН БИР АЙГА КАМАККА АЛЫНДЫ
Ош шаарында жолдошунун башына арматура менен чаап өлтүргөн келин бир айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө учурунда 19-ноябрь күнү 23:30 чамасында 1991-жылы туулган аял 1973-жылы туулган жолдошун арматура менен башына 3 жолу чаап өлтүргөндүгү аныкталган. Шектүү жолдошун акыркы сапарга узатып жаткан учурда камакка алынган. Жубайлар 6 жыл бирге жашап, 2 кыздуу болушкан.
Ош шаардык соту кармалган келиндин баш коргоо чарасын 20-ноябрь күнү карап, 1 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.


ОРУСИЯДА ПОЛИЦИЯНЫ САБАГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР КАРМАЛДЫ
Санкт-Петербург шаарында полиция кызматкерин сабаганга шектелип федералдык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2016-жылдын 31-декабрында кыргызстандык 2 жаран мас абалда Пскове шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн алдында токтоп турган унааларга зыян келтиришкен. Ошол учурда полиция кызматкерлери кармоого аракет жасаганда шектүүлөр алардын бирин сабап, качып кеткенге жетишкен. Алар бул факт боюнча федералдык издөөгө алынган болчу.
«Тергөөчүлөрдүн жана полиция кызматкерлеринин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында шектүү Санкт-Петербургдан кармалды. Учурда дагы бир шектүү изделүүдө», – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 187