• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шайлоого байланыштуу 63 эреже бузуу катталды. Казакстанда жакырчылык күчөдү

28 Аяк оона 2020 14:07 Бишкек Govori.TV

Жээнбеков Орусияга кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Орусияга жумушчу иш сапар менен кетти. Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Москвада көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды

Москвада жөө жүргүнчүлөр өтө турчуу көпүрөө кулап, анын кесепетинен 49 Кыргызстандык жаракат алган. Премьер-министр Кубатбек Боронов Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырып, алардын дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгилеген.

Казакстанда жакыр жашагандар көбөдү

Пандемия маалында Казакстанда кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 5,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматтарын иликтеген Finprom порталы кабарлады. 2019-жылы жашоо деңгээлинен төмөн киреше тапкан адамдардын үлүшү 4,3 пайызды түзгөн. Иликтөөчүлөр Казакстанда экономикалык активдүүлүк төмөндөп, коронавирустун кесепеттеринен улам жакырчылык даана сезиле баштаганын айтышууда. Натыйжада өлкөдө кирешеси жашоо минимумунан төмөн адамдардын саны 1,1 миллионду түздү.

Шайлоого жакын 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү

“Жалпы иш” коомдук фондуна шайлоого байланыштуу 63 эреже бузуу боюнча кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда “Жалпы иш” коомдук фондунун юристи Тариэль Аалиев билдирди. Анын айтымында, шайлоого карата мыйзам бузуу боюнча аймактык шайлоо комиссияларына 19 арыз жана кайрылуу жасалды.

Бүгүн 104 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда 28-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 104 учур (пневмонияны эске алганда) катталган. Тилеке каршы 1 адам каза болгон. Ал эми ооруканада даарыланууда жаткан 166 бейтап айыгып чыгарылган.

Количество просмотров: 92