• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шакиев фракция лидери болду. Ак үйдү курчаган тосмонун пайдубалы алынды

29 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 29-мартка карата коронавирус 17 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 6 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 12 адам илдеттен сакайып чыгып, бир адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 98 бейтап, амбулатордук түрдө 49 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 909 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 193 киши айыгып чыкса, 2 миң 986 адам каза болду.

“АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН” ЛИДЕРИН ШАЙЛАДЫ

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы бүгүн жабык жыйын өткөрүп, фракциянын жаңы лидери болуп Нурланбек Шакиев шайланды. Бул тууралуу маалыматты аталган фракциядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын мурунку лидери Бакыт Торобаев кечээ, 28-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Нурлан Шакиев 1977-жылы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынан башкаруу адистигин аяктаган.

АК ҮЙДҮН ТЕГЕРЕГИ ОҢДОЛУУДА

Ак үйдү курчоо үчүн курулган тосмонун пайдубалы алынып, тегерегин оңдоо иштери жүрүп жатат.

Маалым болгондой, Ак үйдүн алдындагы тротуарларга жаңы брусчатка төшөлүп, кошумча түнкү жарык жана көрк берүүчү лампалар илинет.

Оңдоо иштери бир аптага созулат.

Жеринде “Бишкек жашыл чарба”, «Тазалык» муниципалдык ишканасы жана «Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери иш алып барууда.

Количество просмотров: 95