• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шакиевге “Ардактуу профессор» наам берилди. Жапаров Монголияга барат

6 Теке 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ МОНГОЛИЯГА БАРАТ

Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Иш сапарда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.

Андан сырткары, Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот.

ШАКИЕВ “АРДАКТУУ ПРОФЕССОР” БОЛДУ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, төрага К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине барган. Анда ал профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп турган учурдан бери аталган университетке колдоо көрсөтүп, парламенттин төрагасы катары да билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлерин берип келе жаткан Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, “К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарды.

СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОГОРУ

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Количество просмотров: 81