• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ширшовдун үй камагына чыгуусу сынга калды. Жалал-Абадда сел жүрдү

11 Бугу 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

ИНДИЯЛЫК ЖАРАНДЫ САБООГО ШЕКТҮҮЛ ӨР КАРМАЛДЫ

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, индиялык жаранды Бишкектеги кафелердин биринде сабоого шек саналып, эки адам кармалды. Маалыматка ылайык кармалгандардын экөө тең 22 жашта.

Милиция жарандарды кандайдыр бир кылмыш аракеттери же мыйзам бузуулар түшкөн видео жана сүрөттөрдү алдын ала социалдык тармактарга жарыялабоого чакырып, бул шектүүлөрдү кармоого тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

Окуя боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

8-майга караган түнү милицияга Улуттук госпиталга ур-токмокко кабылган 22 жаштагы индиялык жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда ал достору менен кафеде отурганда белгисиз үч кишинин ур-токмогуна эч себепсиз кабылганын айтып берген.

ШИРШОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов издөөдө экенине карабастан Кыргызстанга кенен кирип-чыгып жүргөнү жана кылмышка шектүү катары кармалган күнү эле кайра бошотулганы Кыргызстандагы коррупциялык схемаларга каршы күрөшүү саясатына көө жапты деген пикирин бүгүн 11-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди.

Ал Интерполдун жана Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөн Ширшов соңку бир жылда Кыргызстанга канча жолу кирип-чыкканы, эмне үчүн суракка чакырылбаганы тууралуу депутаттык суроо-талабын Чек ара кызматына 28-апрелде жөнөткөнүн, алигүнчө жооп ала электигин, маалыматты жашырып, “көрүнгөн кишини ортого салып жатышканын” айтты.

Кымбат баалуу кыймылсыз мүлк мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз жол менен чыгарылганы, тагыраагы — “Аврора Плюс” эс алуу борборунун аймагынан кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттеж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөнү боюнча кылмыш иши иликтенип жатканын, бул коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде шектүү катары Ширшов кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 10-майда билдирген.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылган жана мындай бөгөт чарасынын мөөнөтү 26-майга чейин деп аныкталган.

ЧАТКАЛДА СЕЛ ЖҮРДҮ

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы 1 турак үйдүн ичин суу каптап жана 1 сарайга, 6 турак үйдүн короосуна шагыл таштар үйүлүп, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген.

«Жерине ӨКМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылып, техниканын жардамында селдин кесепетин жоюу иштери жүрдү. тазалоо иштери бүгүн дагы уланып жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 122