ШЫКМАМАТОВ «АТА-МЕКЕНДЕН» КЕТТИ
Депутат Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды жана «Ата-Мекен» партиясынан чыккандыгын да жарыялады. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазды. Билдирүүгө ылайык, Шыкмаматов өзү да бул маалыматты тастыктап, мындай чечимди кабыл алуу ал үчүн оор болгонун айткан. Ошондой эле, ал өзүнүн партиядан чыкканын «Ата-Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигине байланыштуу деп түшүндүргөн. «Ата-Мекен» негизи күчтүү жана берилген адамдардан турат. Мен бул партиянын катарында 15 жылдан бери келе жатам. Мен саясатчы катары «Ата-Мекен» партиясында бышып жетилдим. Албетте, мен өз партиялаштарыма жана анын лидери Текебаевге сыйым жогору. Текебаев кандай болгон күндө да тарыхий адам жана харизмалуу саясатчы. Ал саясий жүрүштөрдү эң мыкты комбинация жасагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Мен андан көп нерсе үйрөндүм. Бирок, менин катачылыгым, кумирге айлантып алганым болду, -деп кошумчалаган Шыкмаматов. Ал эми Шыкмаматовдун ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутаттык мандатка ээ болду.
ДЕПУТАТТАР ЖУМУШКА 13-ЯНВАРДА ЧЫГАТ
Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жылдык эс алуудан кийин үч күн региондорду кыдырат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, эл өкүлдөрү 8-9-10-январь күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушуу боюнча токтом кабыл алган. Андан кийин эки күн ишемби менен жекшембиге туура келет. Демек, эл өкүлдөрү 13-январдан тарта жумушка чыгат. Белгилей кетсек, кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамдарына карата бир жума эс алышат.
АЛМАТЫДА 100 КИШИ ТҮШКӨН УЧАК КУЛАДЫ
Алматыдан Нур-Султан шаарына жол алган «Bek Air» компаниясына таандык учакта 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Маалымат каражаттары жети адам каза болгонун жазууда. Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, учак жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй кеткен.»Bek Air» компаниясына таандык учак аэродромдун чегинен тыш жерге кулаган. Тирүү калгандар бар. Кырсыктын жеринде куткаруу кызматтары иштеп жатат” деп айтылат аэропорт тараткан маалыматта. Учак Алматы облусундагы Гүлдала айылынын жанында кырсыкка учураган. Окуя болгон жерде тартылган сүрөттөргө караганда, учак курулуп жаткан имараттардын үстүнө кулаган.