• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Соодагерлер митингге чыкты. Дайынсыз жоголгон адам 25 күндөн бери изделүүдө

5 Бештин айы 2023 14:15 Бишкек Govori.TV

СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Максим Горький атындагы паркта «Дордой Моторс» базарынын соодагерлеринин митинги өтүүдө. Чогулгандар кассалык машиналарды колдонбоону талап кылышууда. Алар патент системасын калтырууну талап кылышууда. Акцияга “Дордой Моторс” базарында жана Бишкектеги гүл саткан дүкөндөрдө иштеген 150дөн ашык соодагер катышып жатат.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс”, Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

Митингдин катышуучуларына Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Мурат Осмонов келди.

БАТИРДЕН АЯЛДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте батирден 50 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 11-кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирдин бекилип калган эшигин ачып, ичинен 50 жаштагы К.Е. аттуу аял кишинин сөөгүн табышкан.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН АДАМ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Нарында 25 күндөн бери дайынсыз болгон жаран изделүүдө. Маалыматка ылайык, 11-ноябрда саат 15:00 чамасында 53 жаштагы С.А. аттуу эркек киши Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Издөө иштери 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес. 4-декабрь күнү издөө иштерин жүргүзүүгө 10 куткаруучу жана туугандары тартылып, бирок издөө жыйынтык берген жок.

Издөө иштери улантылат.

Количество просмотров: 71