• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Сот кызматкерлери журналистке карата күч колдонду. Мектепте бомба бар деген маалымат түштү

2 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ОКУУЧУЛАР ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкектеги №4 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшүп, мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды.

Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин да бомба бар деген маалымат борбор каланын бир нече мектертерине келип түшүп, окуучулар менен эмгек жамааты толук эвакуацияланып, милиция жардыруучу затты издөө иштерин аткарган. Жыйынтыгында зат табылган эмес.

ЖУРНАЛИСТ КҮЧ МЕНЕН СОТ ИМАРАТЫНАН ЧЫГАРЫЛДЫ

Бишкекте сот кызматкерлери журналистке күч колдонуп, сот имартынан чыгарылды.

Бүгүн, 2-майда Govori TV агенттигинин кабарчысы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, эч себепсиз эшикке чыгарып салышкан. Ал белгилегендей сот отуруму али баштала элек болчу.

Журналист учурда сот аткаруучуларга карата чара көрүү арыз менен сот департаментине  кайрылды.

Сот мекемеси азырынча комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандарды абакта кармоо мөөнөтү боюнча маселени карап баштады.

БИШКЕКТЕ ҮЙ ӨРТТӨНҮП КЕТТИ

Бишкекте турак үй күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

2-майдын түнүндө Свердлов районунун Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 03:05те жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 04:15те чектөөгө алынып, 06:41де толук өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Количество просмотров: 50