Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.
«Кыргызтемиржолу» ишканасында буу казан жарылды
Бүгүн Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан «Кыргызтемиржолу» ишканасына караштуу имаратта таңкы саат 8.50лөр чамасында жарылуу болду. Бул тууралуу аталган ишкананын басма-сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, имараттагы буу казан жарылган. «Кыргыз Темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенконун айтымында, 4 адам жаракат алган. «Бүгүн саат 8:50 чамасында ысык суу даярдалуучу идиш жарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алып, баары ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Ошондуктан кырсыкка алдын ала эмне себеп болгонун айта албайм», -деди ал.
Сотторду каалагандай калчаган Манас Арабаев камалды
Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы Арабаевди 2-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ал коррупцияга аралашкан деп шек саналууда, бирок конкреттүү кайсы ишке байланыштуу колго түшкөнү расмий айтыла элек. Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген Манасбек Арабаев «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен быйыл 15-майда кызматынан бошотулган. Анын дарегине кызматта турганда «соттук иштерге кийлигишет» деген дооматтар айтылып келген.
Кара-Сууда 13 жаштагы кыз өз жанын кыйды
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 13 жаштагы А.Н аттуу өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу ОИИББдан кабарлашты. Маалым болгондой, өспүрүм кыз үйүнүн алдындагы короого моюн орогучу менен асынып алган. Окуя катталган жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Ал эми соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө кыздын ата-энеси баш тарткан. Андан тышкары маркумдун мындай кадамдарга баруусуна эмне себеп болгону такталууда. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыздын үй-бүлөсү жана мектептеги тааныштары арасында эч кандай жаман мамиле болгон эмес.