• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Спортко бөлүнгөн миллиондогон акча уурдалды. ЖК коронавирус тууралуу маалымат угат

26 Бирдин айы 2020 13:48 Бишкек Govori.TV

СПОРТКО БӨЛҮНГӨН АКЧА УУРДАЛГАН
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте спортко деп бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаты уурдалганын кабарлады.
Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды:
“Такталгандай, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы жооптуу адамдар менен бирге спортчулардын машыгууга чыгуусун күбөлөндүргөн фиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес”.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, жасалма кагаздардын негизинде бюджеттен 3 млн сом уурдалган.
Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталды.
Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.


КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ИШ СОТКО ӨТТҮ
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.
Ишти Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.


ПАРЛАМЕНТТЕ КОРОНАВИРУС ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ УГУЛАТ
Жогорку Кеңеш Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда алдын алуу иштери кандай жүрүп жатканын талкуулайт. Бул маселени парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Токтошев көтөрдү.
Ал эми депутат Таабалды Тиллаев маселенин медициналык гана өңүтүнө токтолбостон, экономикалык жагына да көңүл бурууга чакырды.
«Эгер өкмөттү чакырсак, экономикалык жагын да карашыбыз керек. Себеби Кытай менен чек ара жабык турат. Бюджет кандай болуп жатат, салыктар кандай түшүп жатат?» деди Тиллаев. Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда 146 адамдын саламаттыгы көзөмөлдө, алардан вирустун белгилери табылган жок.
Кытайдан тышкары 35 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 78 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 2715 адам каза болду, 30 миңдейи айыгып чыкты

Количество просмотров: 376