• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сууга чөккөн өспүрүмдүн сөөгү табылды. Шакиевди Азербайжанга кимдер коштоп кетти?

15 Бугу 2023 14:02 Бишкек Govori.TV

ШАКИЕВ АЗЕРБАЙЖАНГА УЧУП КЕТТИ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Азербайжан Республикасына иш сапары менен жөнөп кетти. Анын алкагында Шакиев Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт. Муну менен катар Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Башкы кеңсесине барып, ишмердүүлүгү менен таанышат. Белгилей кетсек, төрага Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов коштоп жүрөт.

САЛЫКЧЫЛАР КАРМАЛДЫ

Күйүүчү майды милдеттүү салыктарды төлөбөй, мыйзамсыз жол менен ташыган аткезчилерге көмөктөшүп жүргөн салык кызматкерлери кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жеке фирмалар ички жеткирүүлөр шылтоосу менен Кыргызстандын түндүк аймактарынан түштүк аймактарына салык органдарына жасалма катталган күйүүчү майларды ташып келишкен. Аларга Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, түштүк аймактар боюнча эсепке алынбаган товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы көмөктөшүп, «Сосновка», «Каракөл» көзөмөл пункттарынан тоскоолдуксуз өтүүсүнө, товарга салык төлөбөй соода кылуусуна шарт түзүп беришкен. Алар бул «кызматы» үчүн майдын 1 литрине 1 сомдон «акы» алып турушкан. Аны менен катар Панфилов райондук салык башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы, райондук салык башкармалыгынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору документ жасап берип, электрондук товардык-транспорт баракчаларына жасалма штамп басып, жасалма пломба берип келишкен. Бул кызматкерлер ар бир жөнөтүүгө 5 миң сомдон «акы» алышкан. УКМК учурда бул коррупциялык схемага башка да мамлекеттик кызматкерлердин катышы бар же жок экенин аныктоо, мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу чараларын көрүп, кармалгандарды суракка алып жатат. Андан тышкары май ташыган фирмаларга салыктык текшерүүлөр дайындалды.

ӨСПҮРҮМДҮН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Баткен облусунун Төрт-Күл суу сактагычына түшүп кеткен балдардын биринин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен жүрүшкөн болжолдо 15-20 жаштар чамасындагы эки бала сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат алган. Ушул эле күнү саат 20:50дөн түнкү саат 12ге чейин №3 издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө бүгүн, 15-майда да уланып, саат 08:35де 14 жаштагы Д.М. аттуу өспүрүмдүн сөөгүн табышкан. Учурда экинчи бала изделип жатат.

Количество просмотров: 68