• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти. Бир күн ичинде вирус дагы 322 адамдан табылды

28 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен 3 адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, бири Чүйдө ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1592 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 322 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 94 599 адамга жетти.

Бир күндө 243 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1419 адам жатат, дагы 1939 бейтап үйдөн дарыланууда

ЖАПЫКЕЕВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу ал өзү билдирген.

Маалыматка ылайык, арызды бүгүн, 28-апрелде жазган.

Айтымында, ага карата эч кандай басым болгон эмес, ал кызматтан ден соолугуна көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кетип жаткан.

Өкмөттүн буйругу менен жоюлган Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп 30-мартта дайындалган.

Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык «Чоң казат» партиясын жетектеп барган. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Финансы полициясына жетекчи болгон.

АКАЕВДИН ӨКҮНҮЧҮ

Мурдагы президент Аскар Акаев “Автор ТВ” каналына маек куруп, кызматта турган маалдагы ишмердиги, үй-бүлөөсүнүн бийликтеги орду жана башка маселелер тууралуу суроолорго жооп берип, өз пикирн айтты.

Ал 2005-жылы бийликти конституциялык жол менен өткөрүп бербегенине өкүнөрүн айткан.

“2005-жылы конституциялык жол менен кийинки президентти шайлатып, бийликти өз колум менен өткөрүп берсем анда менде өкүнүч болбойт эле. Катасыз чоң иш бүтпөйт, менде каталар да болду. Бирок, тең салмактап келгенде мен Кыргызстан үчүн көп эле пайдалуу иштерди жасадым. Саясий авантюристтер эркин шайлоодон президент шайлана албасына көздөрү жеткендиктен, 2005-жылдын март айында, мен кетерге жарым жыл калганда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, күч менен бийликти алышты. Ошонун терс кесепети бүгүнкү күнгө чейин уланууда”, – деген ал.

Эске салсак, Акаев 2005-жылы март ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда үй-бүлөөсү менен Москвада жашап келет.

Количество просмотров: 221