• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өтө коррупциялашкан беш министрликти аталды. Коронавирус 225 адамдан аныкталды

20 Чын куран 2021 14:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 20-апрелге карата дагы эки бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 225 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 173ү сакайды.

COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын бири Бишкекте, экинчиси Чүй облусунда. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 320 адамга жетти. Алардын 87 229у айыгып, 1557 бейтап ажал тапты.

КОРРУЦИЯЛАШКАН МИНИСТРЛИКТЕР

Башкы прокуратура былтыр мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлин талдап-иликтеп чыккан. Анын натыйжасында, Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт жана жол министрлиги, Ички иштер министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги паракорчулукка байланыштуу сап башына чыккан. Бул мекемелерде жалпысынан бир жылдын ичинде 42 факт катталган.

Мындай маалыматты башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айтты.

“Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп, эл менен иштейт. Түрдүү коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бүгүнкү күндө жашыруун эмес, бардык органдар коррупциянын сазына баткан”, — деди Зулушев.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупция жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу 2020-жылдын октябрь айынан бери мамлекетке 5 миллиард сомдон ашуун каражат түшкөнүн жарыялаган. Алардын 3 миллиард сому акчалай, калганы мүлк түрүндө алынган. Каражаттар тергөө амалдары бүткөнгө чейин атайын кызматтын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мамлекеттик казынага салынат.

ПАРТИЯ ЛИДЕРИНИН УНААСЫНА ОК АТЫЛГАН

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында белгисиз бирөөлөр саясий партиянын лидеринин унаасына ок чыгарышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, 20-апрелге караган түнү болжол менен түнкү саат 3 жарымда, “Элдик” партиясынын лидеринин үйүндө токтоп турган “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаага белгисиз жарандар ок атышкан.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Элдик-Народная» партиясынын жетекчиси Бадалов Назми Азреталыевич экени көрсөтүлгөн.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маамылаты боюнча, 20-апрель күнү саат 07:52 чамасында жабырлануучу Жайыл РИИБине үйүнүн короосунда токтоп турган унаасынын терезесин белгисиз жарандар атып кетишкенин айтып кайрылган.

“Жерине ыкчам-тергөө тобу барганда окуя түнкү саат 03:30 чамасында болгону аныкталган. Анда арыз ээсинин Тойота Камри унаасы зыянга учураган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Учурда тергөө иштери башталды, ошондой эле бул ишти ИИМ жана Чүй ОИИББинин жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды”, – деп билдирет басма сөз кызматынан.

Количество просмотров: 105