• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 12 миңден ашты. Депутаттар Казакстанга жөнөп кетти

9 Бирдин айы 202314:00 Бишкек Govori.TV


ТҮРКИЯДА КАЗА БОЛГОНДОРДУН САНЫ 12 МИҢДЕН АШТЫ

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 391 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, табият кырсыгынан жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түздү. «Кырсык орун алган аймакта жалпысынан 22 миң 277 издөө-куткаруу кызматкери, анын ичинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 67 кызматкери иш алып барууда»,-деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

ДЕПУТАТТАР КАЗАКСТАНГА ЖӨНӨП КЕТТИ

Бүгүн, 9-февралда төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Казакстандын Түркстан шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин парламенттеринин жетекчилеринин I форумуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Жогорку Кеңештен билдиришкендей, анын алкагында Нурланбек Шакиев бир катар жолугушууларды өткөрүп, БА чөлкөмүндөгү алакаларды арттыруу жаатында парламенттердин ролун жогорулатууга байланышкан иш-чараларга катышат. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов бар.

МЫЙЗАМСЫЗ МАЙНИНГ-ФЕРМА АНЫКТАЛДЫ

Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. УКМК кабарлагандай, Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электр станциясынын кызматкерлеринин жана 1988-жылы туулган Д.Т.А. аттуу кыргыз жарынын катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» үлгүсүндөгү 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды. Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган. Алдын ала маалыматка ылайык, электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке 1 млн сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 142