• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Таласта лицейдин кызматкерлерине иш козголду. Окуучулардын жазгы каникулу качан башталат?

2 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ

Бүгүн, 2-мартка карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 88 млн 570 миң сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАЗГЫ КАНИКУЛУ

Быйыл мектеп окуучулардын жазгы каникулу 22-мартта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин базистик окуу планына ылайык, каникул беш күнгө созулат, башкача айтканда, мектептерде cабак 27-мартта башталат.

Мекемеден билдиргендей, быйыл кышкы каникул узартылгандыгына байланыштуу окуучулар жазгы эс алууга кечирээк чыгып, каникул кыска убакытка созулат.

ЛИЦЕЙ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ИШ КОЗГОЛДУ

Талас облусундагы №51 Кесиптик лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүнү облустун Манас райондук прокуратурасы жүргүзгөн.

Аныкталгандай, лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Количество просмотров: 1758