• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Ташиевдин орун басары алмашты. Баткенде 37 жаштагы жаран каза болду

13 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV


ТАШИЕВДИН ОРУН БАСАРЫ АЛМАШТЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Бекбосун Апсатаров кызматынан кетип, анын ордуна Тимур Шабданбеков дайындалды. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады. Апсатаровдун иштен бошотулушун башка кызматка кеткени менен байланыштуу болду.

БАТКЕНДЕ 37 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

Баткенде кокустан атылган октон улам 37 жаштагы жаран каза болду. ИИМ кабарлагандай, 13-июль күнү саат 06:20 чамасында милицияга Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. денесинен алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 11-июль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Баткен районунун тургундары 26 жаштагы К.С. менен 37 жаштагы К.К. Геревшин жайлоосуна эс алганы барышкан. Эртеси күнү 14:30дарда үйдүн ээси ок атуучу куралын октоп жатканда кокусунан атылып кетип, 37 жаштагы К.К.га тийген. Ошол эле замат К.С. менен У.А. анын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде мединциналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03:30дар чамасында Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ошол учурда К.К. алган жараатынан улам каза болуп калган. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ӨСПҮРҮМ СУУГА АГЫП КЕТТИ

Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 12-июнда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. Бүгүн, 13-июль күнү издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 222