• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Тойканалар убактылуу жабылуусу мүмкүн. Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы айдоочу каза болду

5 Жетинин айы 2020 13:55 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

5-ноябрга карата COVID 19 оорусу өлкөдө 535 адамда жаңы аныкталды. Март айында Кыргызстанда биринчи оорулуу билингенден бери бул вируска 61 309 кыргызстандык чалдыкты.

Илдет жаы аныкталгандар боюнча Бишкек шаары 151 киши менен биринчи орунда турат. Андан кийинки орундарда Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары турат.

Вирустан бир сутка ичинде 4 адам каза болду. Март айынан бери жалпы каза болгондор — 1167. Стационардык дарыланууда 3430 адам бар, 3746 бейтап үйүндө дарыланып жатат. 528 адам оорудан бир суткада айыкты. Октябрь айынан бери вирус күчөп жатат.

ТОЙКАНАЛАР ЖАБЫЛУУСУ МҮМКҮН

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарда коронавирус боюнча абал кооптуу экенин, тойканаларды 15 күнгө жабуу чечимин чыгарууну ойлонуп жатканын билдирди. Түлөбаев бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралы деп ойлоп атабыз”, — деп жазды.

Эске салсак, Март айында Кыргызстанда биринчи оорулуу билингенден бери бул вируска чалдыккандардын саны 61 миңден ашты.

КЫРСЫКТАН ЖАШ ЖИГИТ КАЗА БОЛДУ

Бишкекте рулду башкара албай калган Mercedes Benz үлгүсүндөгү спринтер унаасынын 18 жаштагы айдоочусу каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Шабдан Баатыр проспектинде спринтер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, электр мамычаны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы айдоочу каза болуп, 19 жаштагы жигит жабыркаган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 64