• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Ухандагы кыргыздар ооруну жугузган жок. Жашыруун иштеген нарколаборатория табылды

27 Үчтүн айы 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

УХАНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН 15 ЖАРАНЫ БАР
Кытайдын коронавирус чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүн 27-январдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон.
Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен же Кытайдын башка шаарларына чыгып кетишкен.
Министрлик азыркы тапта Уханда жашап жаткан кыргызстандыктар менен тез-тез байланышууда. Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок”, – деди Ниязалиев.
Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн саны 80ге жетти. Бул оору 2,5 миңдей адамга жугуп, айрымдарынын абалы оор


ЖАРАНГА ОК АТКАН МИЛИЦИОНЕР ҮЙ КАМАГЫНА АЛЫНДЫ
Бишкектеги кафелердин биринин жанынан Октябрь РИИБнын кызматкери жаранга карай ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 2019-жылдын 22-декабрында болгон. Ок атуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
«22-декабрда, болжол менен саат 4:00дө Октябрь РИИБнын криминалдык милиция кызматынын эки кызматкери жана жай жаран мас абалда жүрүшкөн. Кызматкер жай жаран тарапты көздөй Макаров үлгүсүндөгү табелдик тапанчасы менен ок чыгарган. Ага «Бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылып, 2 айга үй камагына алуу чечими кабыл алынган», — деп билдиришти УКМКдан.


БИШКЕКТЕ НАРКОЛАБОРАТОРИЯ ТАБЫЛДЫ
Бишкек шаарында жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, Алтымышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 438,07 килограммды түзгөн. Алар экспертизадан өткөрүү үчүн ИИМдин борборуна жөнөтүлгөн.
Бул фактыга ылайык, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
01

Количество просмотров: 468