• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: УКМКнын экс-төрагасы эл аралык издөөгө алынды. Малахов кыргыз тилинде кечирим сурады

2 Тогуздун айы 2019 15:00 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы төрагасы эл аралык издөөгө алынды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев эл аралык, анын ичинде Интерпол багыты боюнча издөөго алынды.
Ички Иштер Министрилиги билдиргендей, Табалдиевге карата Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча иш козголгон.
ИИМ Баткуаевдин иши тергелип бүткөнүн, 19 киши шектүү катары өтүп жатканын маалымдады:
Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда тараган. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан.
Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген.
Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон мурдагы аткаминерлер айыпталууда.

“Кечирип коюңуздар!” Андрей Малахов кыргыз элинен кечирим сурады

Россиянын журналисти Андрей Малахов кечээ «Прямой эфир» берүүсүндө өзүнүн жана телеканалдын атынан кыргызстандыктардан кечирим сурады.
«Мени бүгүн Россия жана Кыргызстандын тургундарын угуусун каалайм. Эгер бирөөнү кокустан таарынтып алган болсом, кечирим сурайм. Биз баардык көрүүчүлөрүбүздү сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар», — деди Малахов ал берүүнүн аягында.
Эске салсак, буга чейин теле алып баруучу Андрей Малахов “Россия 1” телеканалындагы “Прямой эфир” берүүсүндө кыргызстандык таксист менен россиялык миллиардер Александр Маруговдун уулунун жол кырсыгын талкуулаган. Кырсыктын кесепетинен Маруговдун баласы каза болуп калган. Андрей Малахов таксинин кыргызстандык айдоочусу Исламбек Акбаровду буйрутма менен адам өлтүрүүгө күнөөлөгөн. Алып баруучунун пикиринде, 10 доллар айлык акы алып, чатырда үй-бүлөсү менен чогуу күн кечирип жүргөн кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баарына даяр.
Берүү YouTube-каналына чыккандан кийин алып баруучу катуу сынга кабылды. Соцтармактын колдонуучулары алып баруучу бүтүндөй кыргыз элинин намысына шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылышкан.
Андрей Малахов кечирим сурагандан кийин, Соцтармактын колдонуучулары хештек maLOHov акциясын жабык деп жарыялап. Ошондой эле оз пикирлерин болушудоо:

Абылгазиевдин өкмөтү Кумтөр кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартты

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине барган учурда «Центерра Голд Инк.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
«Кумтөр кенинин эксплуатациялык мөөнөтүн узартуу маселеси «Центерранын» президенти Скотт Перри менен жолугушууда негизги маселелерден болуп талкууланды. Бул салыктык төлөмдөргө, жумушчу орундарды сактоо жана жалпы эле ата мекендик экономикага жакшы таасирин тийгизет. Компаниянын 2020-жылдагы бюджетине геологиялык чалгындоо иштерине 20 миллионго жакын АКШ доллары киргизилди», – деди Премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Кыргыз Республикасына дивиденттерди төлөө маселеси тууралуу дагы сөз кылды.
Анын айтымында, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри жакынкы арада Директорлор кеңешинин кароосуна бул маселени киргизүүнү жана аны чечүүнү убада кылды.
Мындан тышкары тараптар эсебинде 40 миллионго жакын АКШ доллары бар рекультивациялык фондко байланыштуу маселени дагы талкуулашты.  
Кумтөр кениндеги концессиялык аянт тууралуу сөз кылган Мухаммедкалый Абылгазиев, учурда компания 2009-жылдагы келишимдин негизинде берилген кошумча аянтка ээлик кылууда, мындан башка кошумча территория дагы кошулган жок,  Сарычат-Эрташ мамлекетик коругунан да жер берилген жок.  

Количество просмотров: 50