• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: УКТ мүчөлөрүнө кол салууга шектелип дагы бир адам кармалды. Баткенде жер титиреди

19 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

АДАМ ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН ДАГЫ БИР ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салууга шектелип дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин беш жаран кармалып, аларга эки айга кармоо турүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда алтынчы шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Азыркы кезде алты жарандан сырткары, дагы үч жаранга издөө жарыяланды деди ал.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктерине издөө жарыяланган. Жыйынтыгында беш жаран кармалган.

БАТИРДЕН 58 ЖАШТАГЫ АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте батирден 58 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 8-кичирайондо жайгашкан үйдүн 117-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1965-жылы туулган Г.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куткаруучулар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БАТКЕНДЕ ЖЕР СИЛКИНДИ

Баткенде жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 18-январь күнү саат 05:58де Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Тамаша айылында 3 балл чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 98