“УНААГА” ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ
«Унаа» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. «Азаттыкка» Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, ишкананы Марат Пирназаров жетектемей болду.
Пирназаров буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп жаткан. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал бул кызматты болжол менен эки жыл аркалап келди.
Ал эми төрагага кеңешчи болгонго чейин Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болчу.
«Унаанын» мурдагы жетекчиси Алымжан Козубаев иштен 13-февралда алынган.
Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча иш тобунун 30-январдагы жыйынында Козубаевди кызматынан бошотуу маселеси көтөрүлүп, кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев өкмөткө сунуш киргизген.
Расмий маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары «Унаа» ишканасынын кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш ишин козгогон.
ТЕРАКТ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ ТАРАТКАН АДАМ АНЫКТАЛДЫ
Бишкек шаарындагы соода борборлордун биринде теракт болот деп жалган маалымат берген адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Такталгандай, ал 23-февраль күнү саат 13:14тө өзүн «Саид» деген ысым менен тааныштырып, саат 16.00 теракт болот деп маалымат берген.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефончалган адам 30 жаштагы Тагир Султанбеков экени аныкталган. Ал 2013-жылы алдамчылыкка жана тоноого айыпталып, 9 жылга эркинен ажыратылган.
2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 170- (пара талап кылуу) жана 228-беренелери (терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттологон.
2018-жылдын ноябрь айынан тартып №1-түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан.
Тагир Султанбеков сурак учурунда, айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып, №1-түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
КАМАКТАГЫ БЛОГЕРДИН АПАСЫ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ
Блогер Элмир Сыдымановдун апасы Махабат Молдомусаева президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокурорго жана ИИМ жетекчилигине кайрылды.
Ал Сооронбай Жээнбеков Элмир Сыдымановдун ишин адилеттүү карап берүүнү өтүнөт.
«Балам үчүн кечирим сурайм. Ал жаңылып сүйлөп алды. Мен анын блогерлик ишин колдобойм. Эки элди бөлөйүн деген ою жок болчу. Анын сөзү «хейтерлерине» багытталган. Сөзүндө бөлүп-жарууга үгүттөө дагы болгон эмес. Ал үчүн эле камап коюу адилетсиздик. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жетиштүү болчу», — дейт Махабат Молдомусаева.
Махабат Молдомусаева Элмирбек Сыдымановдун жаштыгына карабай үй-бүлөсүн багып келгенин белгилейт.
«Мен кээде ашпозчу болуп иштеп калат элем. Ал жумушумдан да айрылдым. Кичүү балдарым февраль айынын башынан бери мектепке барыша элек», — дейт блогердин апасы.
Белгилей кетсек, Элмирбек Сыдыманов аймактык кастыкты козутуу айыбы менен эки айга кармалган.