• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Унаалар күйүп эки адам көз жумду. Жарандын үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды

3 Чын куран 202314:00 Бишкек Govori.TV

КЫРСЫКТА ЭКИ АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ош – Баткен –Раззаков автожолунун 149-чакырымында (Алга тилкесинде) эки автоунаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 2-апрель күнү болгон. Анда Opel Vectra үлгүсүндөгү унаа менен Toyota 4Runner кырсыктап, жерине 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Өрт саат 17:21де толугу менен өчүрүлгөн.

«Кырсыктын кесепетинен Opel Vectra автосундагы эки адам каза болуп, дагы экөө жабыркаган”, — деп айтылат маалыматта.

ТУРГУНДУН ҮЙҮНӨН БАҢГИЗАТ ТАБЫЛДЫ

Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизатын таап, жүгүртүүдөн алышты.

Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдө маалымат тастыкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча кылмышка шектүү Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган  жаран экендиги аныкталган.

Натыйжада жарандан 7 кг 816 гр марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг 750 гр салмактагы гашиш табылган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг 566 гр түздү.

Кармалган жаран Каракол шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди.

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ

КР Улуттук банкы 31-мартта валюта рыногуна 45,2 млн АКШ долларын сатты. Бул тууралуу банкттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган операция 2023-жылдын башынан берки алтынчы интервенция.

Азыркы учурда доллардын расмий курсу 87,42 сомду түзөт.

Количество просмотров: 2545