• Дүйшөмбү 3 Кулжа 2024
  • Понедельник 3 Июнь 2024

Соңку жаңылыктар: Унаанын багажынан сөөгү табылган ишкер эмне менен алектенгени айтылды

24 Тогуздун айы 2019 15:40 Бишкек Govori.TV

Манас» аэропортунда токтоп турган унаанын багажынан эркек кишинин сөөгү табылган

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Манас» аба майданынын унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Областык Ички Иштер Башкы Башкармалынан билдиришти.
Маалыматка караганда, маркумдун денеси токтоп турган унаанын багажынан табылган.
«23-октябрда милицияга Комсомол айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал «Манас» аба майданы тарапка кетип дайынсыз болуп жаткан тууганын табышууга жардам сураган. Ошол эле күнү милиция унаанын багажынан изделип жаткан 39 жаштагы сөөгүн табышты. Анын денесинде зомбулуктун белгиси аныкталды», -деп билдиришти Областык Ички Иштер Башкы Башкармалынан
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында аэропорттон сөөгү табылган киши акча ташып иштеп жүргөнүн билдирди.
Ал ошондой эле өлкөдө криминал баш көтөрүп, ишкерлердин коопсуздугу курч маселе болуп жатканын белгилеп, өкмөт башчынын «ишти саясатташтырбагыла» деп айтканын сындады.
СНХ Жанар Акаев

Атамбаевдин тарапкерлери өтүнүчүнүн бир бөлүгүнөн баш тартты

Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамдын алынышынын мыйзамдуулугу боюнча жараянда мурдагы президенттин тарапкерлери өтүнүчүнүн бир бөлүгүнөн баш тартты.
Анда арыз менен кайрылган жактоочу Нурбек Токтакунов «экс-президент саясий ишмердик менен алектенбеши керек» деген норманын Баш мыйзамга дал келишин кароонун кереги жок болуп калганын айтты.
Мен жобону карап чыгып, мындай тыюу жок экенине көзүм жетти. Эгер ал саясий ишмердик менен алектенсе экс-президенттин кепилдигинен баш тартышы керек. Ошондуктан бул пунктту өтүнүчтөн чыгарууну суранабыз, – деди Токтакунов.
«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» жаңы мыйзамдын редакциясында экс-президент саясий ишмердик менен алектенбеши жана партияга мүчө болбошу керек экендиги айтылган. Эгер мындай кадамга барса экс-президентке берилген жеңилдиктерден баш тартышы керек болот. Бул мыйзам кабыл алынар алдында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын лидери катары кызмат ордун тапшырып бергенин жарыялаган эле.
Эске салсак, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттук коллегиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону бүгүн да улантып жатат.

Тазабек Икрамов: Арстан Алайдын билдирүүсүнө чара көрүш керек

Жогорку Кеңеште Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин билдирүүлөрүнө чара көрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов Арстан Алайдын «Кудаймын» деген билдирүүсүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия тезинен чара көрүшү керек экенин билдирди:

«Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ушуга Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Эмне үчүн даваатка тыюу салынат да, ушуга окшогон кишилерге чара көрүлбөйт?
Арстанбек Абдылдаев 2011-2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган. Жакында анын билдирүүлөрү боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан.

Количество просмотров: 10287