• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Унаанын багажынан табылган эркек кишинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

1 Жетинин айы 201913:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз милициясына 95 жыл

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Буга байланыштуу салтанат бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.
СНХ видео
Кыргызстанда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактап, аны менен катар коррупция, баңгизаттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү менен күрөшүп, оор кылмыштардын бетин ачуу, коопсуздукту камсыз кылуу иштерин алып барат.
Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.


Унаанын багажынан табылган эркек кишинин өлүмүнө шектүүлөр кармалды

«Манас» аэропортунан адам өлтүрүп, анын сөөгүн унаанын багажнигине салып кетти делип шектелген эки киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 23-октябрда «Манас» аба майданынын жанындагы унаа токтоочу жайынан эркек кишинин сөөгү табылганын Чүй Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкен. Анда айдоочунун жанындагы 10 миң доллары жоголгону айтылган.
«Кылмыштын бетин ачуу үчүн Ички Иштер Министрлигинин, Чүй Облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук Райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Тергөө тобу шектүүлөрдүн өздүгүн аныктоого багытталган иш-чараларды жүргүзуп, иликтөө учурунда, аталган кылмышка шектүү катары буга чейин бир нече жолу уурулук, зордуктоо жана каракчылык боюнча соттолгон 27 жаштагы Б.Ч. жана ошондой эле бир нече жолу контрабанда жана баңгизат сактаганы үчүн соттолгон 32 жаштагы И.А. эки киши кармалды. Экөө тең 2018-жылдын октябрынан бери жатак абакта жаза өтөп жатканы маалым болду, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алардын шериги 28 жаштагы М.А. дагы буга чейин соттолуп чыкканы айтылууда. Аны кармоо боюнча тергөө иш чарасы жүрүп жатат.
«К.Х.ны өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн шектүүлөр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан жарандар болгон. ЖАМКтын жетекчилигинин көзөмөлү жок болгондуктан ушундай кылмыш жасалды», – деп айтылат ИИМдин маалыматында. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Govori.TVга аталган комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Райымкулов билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын корутундусунун долбоору кабыл алынып, жакында корутундунун өзү даяр болот.
  Кечээ, 31-октябрда Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Корутунду толугу менен иштелип чыккандан кийин  Жогорку Кеңешке алып чыгабыз,-деп билдирди Раимкулов.
Эске салсак, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

Количество просмотров: 112