• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өзбекстан Кыргызстанга 2 көчмө оорукана салып берет. Баткенде өрттө бир адамдын өмүрү кыйылды

17 Жетинин айы 2020 14:22 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 17-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1207 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 486 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Оору жуккандардын жалпы саны 67 469 кишиге жетти.

Бир күндө 555 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3138 адам жатат, дагы 4100 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3750 адамга жетти, алардын 3505и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 15 дарыгерден табылды.

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАНГА ООРУКАНА КУРУП БЕРЕТ

Өзбекстан Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана салып берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, ал ооруканалар Бишкек шаарында жана Кадамжай районунда курулат.

“Бишкекте 200 орундуу жана Кадамжайда 200 орундуу оорукана курулуп, алар жабдыктар, жылуулугу менен болот. Бишкектеги оорукана Улуттук госпиталдын, Кадамжайдагы стационар райондук оорукананын жанында салынат. Учурда курулушчулар ишин баштады”, — деди ал.

ӨРТТӨН БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

Баткенде өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 17-ноябрда кабарлагандай, Кадамжай районунун Шакшак айылындагы турак үйдө өрт чыгып, жыгач устундуу шифер жабылган чатыры жана үй буюмдары толук күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 46 жаштагы адам күйүк алып каза болду. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кырсыкка эмне себеп болгону териштирилип жатат.

Соңку бир күндө Кыргызстандын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Өткөн аптада Бишкекте өрт чыккан жерде бир адамын сөөгү табылган.

Количество просмотров: 38