• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жаңы психоактивдүү зат саткандар кармалды. Коронавирустан дагы бир адам көз жумду

17 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми бир сутка ичинде 56 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жокКыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 45 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 980 киши айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.

ЖАПАРОВ АКСЫ ОКУЯСЫНДА КАЗА БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРДИ

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

Андагы маалыматка караганда, Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да монументке гүл коюшту.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар коюлган.

ЖАҢЫ ПСИХОАКТИВДҮҮ ЗАТ САТКАНДАР КАРМАЛДЫ

Жаңы психоактивдүү заттар сатылган туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Аталган кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан психоактивдүү заттар жана баңгизаттар сатылган туруктуу каналга бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

Жазык кодексинин 267-беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында Телеграм социалдык тармагы  аркылуу психоактивдүү заттарды жана баңгизаттарды саткан адам аныкталган. Ага байланыштуу шектүү катары 1993-жылы туулган  Россия Федерациясынын жараны кармалган.

Тинтүү иштеринин жыйынтыгында К.А. убактылуу жашап жаткан батирден кызгылт-сары түстөгү таблеткалар, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, бульбулятор табылып, алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылган 41 грамм зат жаңы психоактивдүү баңгизат экендиги аныкталган. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 117