• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси башталды. Күрөөканалар текшерилди

27 Бештин айы 2023 14:09 Бишкек Govori.TV

КҮРӨӨКАНАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ

Чүй облусундагы 40тан ашык күрөөкана текшерилген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүдө күрөөканалардын тастыктама-уруксат кагаздарына, күрөө мүлктөрүнө коюлган пайыздык өлчөмдөргө кароо жүргүзүлгөн.

«УКМК кызматкерлери үстөк пайызды 20%дан ашырбоо талабын коюшуп, кокус андан ашып кетсе, айып пул салынарын эскертишкен. Күрөөкана ээлеринин көбү талапка макулдук беришкен»,-деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачуу учурунда күрөөканаларды текшерүү, үстөк пайыздарын азайттыруу тапшырмасын берген.

МИНИСТР БАЛБАНДАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бишкекте Кыргызстанда спорттук медицина кызматын жакшыртуу боюнча көйгөйлөр жана аракеттер талкууланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Спорттук-реабилитациялык борборго барып, борбордун эмгек жамааты, спорт жылдыздары Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанда спорттук медицина кызматын жакшыртуу боюнча көйгөйлөр жана аракеттер талкууланды.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАРМАНКЕ ӨТҮҮДӨ

Бишкектин Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы жылдык айыл чарба жарманкеси старт алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Жарманке 31-декабрга чейин уланат. Иштөө убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин.

Шаар тургундарына атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Количество просмотров: 102