• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Астанага кетет. Кеминде УКМКнын жаңы имараты ачылды

2 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АСТАНАГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 2-3-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу декларациясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында өзгөчө кырдаалдар, метрология жаатындагы документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн делегация башчылары катышат.

УКМКНЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүн Чүй облусунун Кемин районунда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кемин районунун акими А. Жумаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

ЖЕР ТИЛКЕСИН БАСЫП АЛГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкекте жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга шектелген жаран кармалды.  Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 10-февралда Аламүдүн районундук милициясына Ленин айыл өкмөтүнөн материал келип түшкөн. Анда фундамент куюлган мыйзамсыз курулуштар аныкталганы, бул объекттер КР мыйзамдарын бузуу менен курулуп жатканы айтылган.

Аталган маалымат каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1995-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 85