• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Баткенге барат. Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна даттанды

11 Бештин айы 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ БАТКЕНГЕ БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 11-12-декабрда жумуш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.

КООМДУК ТРАНСПОРТ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕЙТ

Борбор калаадагы коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде тейлейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Саат 9:00гө карата линияда 116 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 405 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 313 автобусу жана «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧК тарабынан 113 жеке автобус иштөөдө.

«Шаар боюнча 621 кичи автобус каттап жатат»,-деп айтылат маалыматта

Кошумчалангандай, коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан адаттагыдай бойдон калууда.

АШЫРАЛИЕВ ШААРДЫК СОТКО КАЙРЫЛДЫ

Үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиев Бишкек шаардык сотуна даттанды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, жактоочусу апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Сот отуруму 20-декабрга белгиленди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.

Октябрь райондук соту 3-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 86