• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров дарылануудан  келди. ЖАМК абактагы тополоң тууралуу кабарды четке какты

10 Бугу 2022 14:03 Бишкек Govori.TV

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ИШКЕ КИРИШТИ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чет өлкөдөгү дарылануудан кайтып келип, ишке киришти. Бул тууралуу 10-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, аппарат кызматкерлерине жыйын өткөргөнүн маалымдады.
Акылбек Жапаров 28-апрелде эртең менен жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткендиктен, Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө андан жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталганы айтылган.
29-октябрда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн ооруканадан убактылуу чыккан.
Майдын башында медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн Германияга учуп кеткени кабарланган.

ЖАШ КЫЗДЫ БЫЧАКТАГАН ЖИГИТ КӨЗ ЖУМДУ

Бишкекте жаш кызды бычактап, андан соң өзүнө бычак сайган жигит каза болду. Маалыматты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Милициянын маалыматына караганда, 4-майда РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде белгисиз жигит кызды өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол замат Свердлов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу чакыруу болгон жерге жөнөп, ал жерге келген учурда жаран 1997-жылы туулган Ч.Д. кызганычтын айынан 1997-жылы туулган Д.А.нын мойнуна бычак сайып, андан кийин болжол менен өзүнүн мойнуна бычак сайган. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, бирок ооруканага бара жаткан жолдо жаран Д.А. алган жараатынан улам каза болгон.

«Ч.Д. ооруканага жаткырылып,  кайтарууда болгон. 8-май күнү өзүнө келбей каза болду», —деп айтылат маалыматта.

Бул факты Свердлов райондук милициясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

АБАКТА ӨРТ ЧЫКТЫ

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик комитети Бишкектеги «№47 абакта козголоң болду» деген маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз катчысынын айтымында 9-май күнү кечинде  абактагы эски заводдун бир бөлүмүндө өрт чыккан.
«Абактын өзүндө өрт өчүрүү бөлүмү болгондуктан тез эле өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча ага электр зымдарынын бузулганы себеп болгон. Өрттөн эч ким жабыркаган жок».
Басма сөз кызматы өрттүн кесепетинен улам абакта электр жарыгы өчүп калганын, ар кандай кырсыктын алдын алуу үчүн түрмөнүн сыртына милиция кызматкерлери кошумча коюлганын билдирди.
Мурдараак соцтармактарда №47 жаза өтөө мекемесинде кармалып тургандар козголоң чыгарышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 116