• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Казакстанга барат. Өлкөдө күйүүчү майдын баасы өстү

1 Жалган куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-марттагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза болду.

Эки өлүм тең Бишкекте катталды. 2020-жылдын март айынан бери бул оорудан көз жумган кыргызстандыктар 1466 адамга жетти. Бир күндө 22 кишиге вирус жукканы маалым болду. Ушуну менен пандемия башталган бир жылдан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 86 251 адамды түздү.

Оорудан 83 210 адам айыгып чыкты. Учурда 353 адам бейтапканаларда дарыланып жатат, алардын ичинен 93 адам оор, он алтысы өтө оор абалда. Үйүнөн дарылангандардын саны 283 адам.

ЖАПАРОВ КАЗАКСТАНГА БАРАТ

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди, — деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү. Алдыдагы иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.  Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.

МАЙ КЫМБАТТАДЫ

Кыргызстан мунай ташуучулар бирлиги 1-мартта күйүүчү майдын баасы тууралуу маалымат берди. Аталган бирикменин аткаруучу директору Канат Эшатов басма сөз жыйында билдиргендей, өлкөдө 2021-жылдын январь айынан тарта бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулады.

Эшатовдун айтымында, буга дүйнөлүк базарда жана Орусияда күйүүчү майдын кымбатташы, Казакстандан мунайдын экспорту токтогону себеп:

«2020-жылга салыштырмалуу жыл башынан бери Кыргызстандагы девальвациянын көлөмү 21% өстү. Бул — Көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигиндеги эң чоң көрсөткүч. Бизде сатылган товардын 80% ашыгы импорттолуп жатат. Ушундан улам күйүүчү майдын баасы өсүүдө. Мунай ташуучулар бирлиги абалды жөнгө салуу үчүн болгон запастарды колдонууда. Бирок баары бир дүйнөлүк баанын өсүшү жана сомдун кунунун түшүүсүнөн келип чыккан кымбаттоого тоскоол боло албай жатабыз».

Азыр Бишкектеги бензин сатуучу жайларда АИ-95 бензини 41 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41 сом 30 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 38, 90 тыйындан сатылып жатат.  Статистикага караганда, 2020-жылдын ноябрь айында АИ-95 бензини 36 сом 3 тыйын, АИ-92 бензини 31 сом 7 тыйындан сатылган. Дизел 33 сом 17 тыйын болгон. Кыргызстанга күйүүчү май Орусия жана Казакстандан ташылат.

Количество просмотров: 122