• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров коронавирустан 2-жолу эмделди. «Головнойду» оңдоого бөлүнгөн акча кымырылганы аныкталды

13 Баш оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 13-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан жети адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2433 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 468 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 171 238 адамга жетти.
Бир күндө 646 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2283 адам жатат, дагы 3668 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЖАПАРОВ ВАКЦИНАНЫН ЭКИНЧИ ДОЗАСЫН АЛДЫ
Бүгүн, 13-августта президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделди. Президент Кытайдын «Синофарм» вакцинасын тандаган.
Экинчи жолу эмдөөдөн өтүү үчүн Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы убактылуу эмдөө пункту жайгашкан соода борборуна барды. Медиктер алгач анын кан басымын текшерип, андан соң эмдөөдөн өтүүгө уруксат беришти.
Бул жолу Садыр Жапаров көз айнексиз жүрдү. Ал биринчи доза менен 23-июлда эмделген болчу.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 806 миң 547 адам эмдөө алган, анын ичинен 571 миң 656 адам биринчи доза менен, 234 миң 891 адам экинчи доза менен эмделген.

“ГОЛОВНОЙДУ” ОҢДООДО МАМЛЕКЕТКЕ ЗЫЯН КЕЛГЕН
Баткен облустук прокуратурасы Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 млн сомго жакын зыян келтиришкенин аныктады. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендер боюнча, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 млн 657 миң 851 сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузушкан жана аталган объектте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө, жооптуу кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулардын талабына каршы келгендигине карабастан, тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекет 602 миң 503 сом ашыкча чыгым болгон.
Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 миң 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары көрсөтүп, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 2 млн 916 миң 880 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык аблынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 275