• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров мекендештер менен «кара тизме» көйгөйүн талкуулады

25 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Ысык-Көл облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1463 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды.  өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 091 кишиге жетти. Бир күндө 68 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 358 адам жатат, дагы 328 бейтап үйдөн дарыланууда.

ЖАПАРОВ МИГРАНТТАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирип калган кыргызстандык мигранттарды андан чыгаруу жана айып пул сыяктуу же башка административдик чараларга алмаштыруу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада мекендештер менен жолугушуусу учурунда айтты. Жапаров жолугушууга катышкан кыргызстандыктарды ошол өлкөнүн мыйзамдарын жана эрежелерин так сактоого чакырып, эки мамлекет ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча иш жүрүп жатканын, жакын арада маселе оңунан чечилерине үмүт бар экенин айтты.

УКМК АКШДАН ЖАРДАМ СУРАДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылып, АКШда жашырынып жүргөн мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди табууда көмөктөшүүнү өтүндү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. “УКМК АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасы АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылды”,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 258