ЖАПАРОВ РОССИЯГА БАРАТ
Президент Садыр Жапаров Россияга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Жапаровдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда президент Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Россияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.
БАНКОМАТТЫ ТАЛКАЛАП КЕТКЕНДЕР КАРМАЛДЫ
Ошто 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.
Тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына караганда, Ош шаары, Өзгөн, Кара-Суу Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда өткөн жылдын январь айынан, быйылкы жылдын февраль айларынын аралыгында 19 жолу банкомат уурдалган.
Шектүү катары кармалган Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну жана Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.
Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча баш коргоо чарасы тандалып, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда.
ТУРАК ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫКТЫ
Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, жакын жайгашкан үйлөргө өтүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 03:48де чектөөгө алынып, саат 04:58де толугу менен өчүрүлгөн.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.