• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров ШКУнун кеңешине катышат. Коронавируска каршы дары-дармектин запасы текшерилди

10 Жетинин айы 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 10-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1185 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 570 адамдан табылды. Муну менен оору жуккандардын жалпы саны 63 960 кишиге жетти.
Бир күндө 416 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3444 адам жатат, дагы 3892 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3654 адамга жетти, алардын 3445и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.
СУРАБАЛДИЕВА ДАРЫ-ДАРМЕК КАМПАЛАРЫН ТЕКШЕРДИ
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын уюштуруу боюнча иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Вице-премьер белгилегендей, учурда өлкө аймактарында курулган жугуштуу оорулар ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо, өзгөчө аймактардагы дарыгерлерди дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселесине басым жасалууда.
«Кампаларда тийиштүү запастар болгону менен “кызыл зонада” иштеп жаткан дарыгерлердин колуна алар жетпей жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Аталган маселе көзөмөлгө алынган, мамлекеттин жана дарыланууга муктаж жарандардын кызыкчылыгына каршы багытталган аракеттерге чек коюлат», – деди вице-премьер-министр.
ЖАПАРОВ ШКУ КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШАТ
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл алынат.
Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү— Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганистан, Беларусь, Иран, Монголия.

Количество просмотров: 55